Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Талас облусуна иш сапары менен барды

Апрель 15, 2025 - 14:24
Апрель 15, 2025 - 16:22
 14
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Талас облусуна иш сапары менен барды
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Талас облусуна иш сапары менен барды
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Талас облусуна иш сапары менен барды
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Талас облусуна иш сапары менен барды
Бүгүн, 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Талас облусуна иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында министр бир катар маанилүү маданий объектилерди кыдырып, жергиликтүү маданият кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрдү.

Сапар Манас районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы “Талас салгылашуусу” (Атлах) тарыхый-музейдик комплексин көрүү менен башталды. Жоон-Дөбө чалдыбарынын аймагында тарыхый-маданий корук түзүлөт. Жергиликтүү бийлик археологиялык аймакты мүрзө катары пайдаланууну токтотуп, жаңы көрүстөн үчүн башка жер бөлүп берүүнү убада кылды. Анткени аталган объект Талас согушуна арналган тарыхый мурас катары өзгөчө мааниге ээ.

Кийин министр улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени — Айтматов районуна караштуу Шекер айылына барып, ал жерде курулушу жакынкы убакта баштала турган “Чыңгыз Ордо” мемориалдык комплексинин долбоору менен таанышты. Бул комплекстин максаты — улуу ойчулдун жана дүйнөлүк деңгээлдеги калемгердин чыгармачылыгын жана мурасын даңазалоо.

Андан соң министр Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында жайгашкан Герцен атындагы музейге барды. Объекттин учурдагы абалы менен таанышып, музей кызматкерлери менен жолугушту. Жыйынтыгында музейди Министрликтин балансына өткөрүү маселеси боюнча жыйын уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, министр Талас облусунун райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, тармактагы жетишкендиктер жана жер-жерлердеги көйгөйлөр талкууланды.

Иш сапардын соңунда министр Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексине барып, комплекстин инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча концепция менен таанышты. Ошондой эле, комплекс маданий жана туристтик борбор катары өнүктүрүлөрүн белгиледи.