Марат Тагаев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин башкы катчысы Кайрат Сарыбай менен жолугушту
2025-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде министрдин орун басары Марат Тагаев менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин (АӨАИК) Башкы катчысы, элчи Кайрат Сарыбайдын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар жаштар саясатынын артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде ыктыярчылыкты өнүктүрүү, маданияттар аралык диалогду чыңдоо жана жаштарды туруктуу өнүгүү менен аймактык кызматташуу процесстерине тартуу маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл АӨАИК платформасынын алкагында жаштарды тынчтык орнотуу демилгелерине кеңири тартууга жана ишеним, тилектештик жана өз ара түшүнүшүү баалуулуктарын жайылтууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине бурулду.
Тараптар Азияда коопсуздуктун жалпы жана ажырагыс мейкиндигин түзүү максатында мындан аркы диалогду жана аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул багытта жаштар тынчтыктын, эркиндиктин жана гүлдөп-өнүгүүнүн алып жүрүүчүсү катары негизги ролду ойнойт.