Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтакунова жана Замирбек Үсөнбаевдин ал-акыбалын сурады
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев СССРдин эл артисти, опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева, залкар комузчу, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев менен жолугушуп, алардын учурдагы маданият жаатындагы ойлорун жана кеп-кеңештерин укту.
Ал залкар инсандардын ден соолугун сурап, ыраазычылык билдирип кайтты.