Бишкекте Борбор Азиянын X эл аралык юбилейлик бий олимпиадасы жыйынтыкталды

Июнь 16, 2025 - 18:10
 8
Бишкекте Борбор Азиянын X эл аралык юбилейлик бий олимпиадасы жыйынтыкталды
2025-жылдын 13-15-июнь күндөрү Бишкек шаарында Борбор Азиянын X эл аралык бий олимпиадасы болуп өттү. Аталган бий иш-чарасы быйыл өзүнүн 10 жылдык мааракесин белгиледи.

Иш-чара “Газпром-балдарга” дене тарбия - ден соолукту чындоо комплексинде өтүп, 3000ден ашуун катышуучуну бириктирди. Алардын арасында жашы 2,5тен 82 жашка чейинки ар кандай курактагы бийчилер болду. Олимпиада Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Швейцария, Корея, Япония, Индия, Малайзия жана башка өлкөлөрдүн 40тан ашык шаарларынан келген өкүлдөрдү чогултту.

Программада — 56 бий жана 60 спорттук тармак камтылды. Ориентал, болливуд, чир-спорт, фламенко, street dance, modern, джаз жана башка көптөгөн жанрлар күн сайын саат 09:00дөн 21:00гө чейин көрсөтүлүп, чыныгы чыгармачыл марафонго айланды.

BEST OF THE BEST аттуу атайын финалдык шоуда эл аралык калыстар тобу ар кыл жанрдагы мыктылардын ичинен эң мыктысын тандап алды. Абсолюттук жеңүүчү — Алматы шаарынан келген “Дух Кавказа” кавказ бий ансамбли болду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын заманбап эстрадалык бий федерациясы, Контемпорари жана модерн спорттук өнөр федерациясы, Кыргыз Республикасынын чир спорт союзу жана Мажореткалар жана батон твирлинг боюнча спорттук федерация тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — хореографияны өнүктүрүү, маданий байланыштарды бекемдөө жана Борбордук Азияны эл аралык бий өнөрүнүн борбору катары жайылтуу.