Бүгүн, 16-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-казак маданий кызматташуусунун туруктуу мүнөзүн белгилешти. Бул кызматташтык кылымдарды камтыган ынак коңшулаштык, тарыхый жана руханий жакындыктын негизинде түзүлүп, эки тараптуу достукту чыңдоого, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.
Министр Мирбек Мамбеталиев тийиштүү мекемелердин тыгыз өз ара аракеттенүүсү жана биргелешкен демилгелери эки элдин ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө, маданий алмашууну тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара түшүнүшүүнү дагы бир жолу тастыктады.