Т. Абдумомунов атындагы Театралдык окуу жайынын студенттери Н. В. Гоголь атындагы Москва драма театрында

Май 14, 2025 - 10:31
Май 14, 2025 - 16:45
 7

8-майдан 14-майга чейинки аралыкта Т. Абдумомунов атындагы Театралдык окуу жайынын 2-курсунун студенттери Н. В. Гоголь атындагы Москва драма театрынын базасында бир жумалык окуу парктикасында болду.

Практиканын алкагында студенттерге теориялык лекция, мастер-класс, чыгармачыл жолугушуулар уюштурулду. Ошондой эле, аталган театрдын репертуарындагы спектаклдерди көрүп, театрдын артисти Анатолий Просаловдун актердук өнөр багыты боюнча практикалык окуу, мастер классына катышты.

Мындан тышкары студенттер театрдын репертуарындагы “Призраки Марса” спектаклин көрүп, соңунда режиссер Кирилл Ковбас жана актердук ансамбль менен жолукту. Практиканын жүрүшүндө студенттер режиссёр-коюучу Антон Яковлев тарабынан сахналаштырылган “Игроки. Иллюзия”, режиссёр-коюучу Кирилл Ковбас тарабынан сахналаштырылган “Театр Гоголя: Дорожные истории” спектаклдерине күбө болду.

Театрдын директору А. С. Бочарников менен да жолугушуу белгиленип, эркин форматта баарлашуу болуп, студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алды.

Окуу практикасынын алкагында мерчемделген бардык жолугушуулар натыйжалуу өтүп, тараптардын алып барып жаткан ишмердүүлүгү, өзгөчөлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Долбоордун жол кире чыгымы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланды. Калган чыгымдар кабыл алган тарап, демөөрчүлүк колдоолордун натыйжасында ишке ашты.

Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайынын көркөм жетекчиси – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, билим берүүнүн мыктысы Тилек Джумагазиев;

Курстун жетекчиси – Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Манас орденин ээси, билим берүүнүн мыктысы Гүлайым Каниметова.

Белгилей кетсек, бир жумалык практика маданият тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, окуу жайдын мугалимдерине, студенттерине дем берүү (мотивация), алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында Т. Абдумомунов атындагы Театралдык окуу жайы менен Н. В. Гоголь атындагы Москва драма театрынын ортосунда кызматташуу тууралуу түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашты.