Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры алгачкы жолу Кыргызстанга (Бишкек) гастролдук сапар менен келип, 19-20-май күндөрү Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында спектаклдерин тартуулайт.
19-май, “Шынарым менің, шырайлым менің” (“Чынарым менин, чырайлуум менин”) улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизинде сахналаштырылган бул спектакль – назик лирикага жана трагизмге, философияга жана түбөлүк адамдык суроолорго толгон чыгарма. Ар бир көрүнүшү – дилден чыккан сырдашуу сымал элес калтырат.
20-май, “Толғақ” (“Толгоо”) спектакли кыргыздын белгилүү драматургу Жеңишгүл Өзүбекованын пьесасы – аял тагдыры, энелик сезим, сыртынан көрүнбөгөн азап жана барын өзгөрткөн тагдыр тандоосу тууралуу күчтүү эмоцияга бай чыгарма.
Аталган спектаклдерде – убакыттын күзгүсү сымал, жүрөк ооруткан, көңүл кубанткан жана ойго салган көрүнүштөр баяндалат.
Бишкек шаарындагы көрүүчүлөрдү таасирдүү көз ирмемдерге күбө болууга чакырабыз.
Спектаклдер саат 19:00дө башталат.
Театр – чек билбеген өнөр! Жаша, театр!