XXVI ТҮРКСОЙ опера искусство күндөрүнүн концерти тартууланды

Июнь 21, 2025 - 21:48
 8

Бүгүн, 21-июнда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун XXVI ТҮРКСОЙ опера искусство күндөрүнүн алкагындагы салтанаттуу концерт болуп өттү.

Маданий иш-чарага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрининин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, маданият ишмерлери, ошондой эле классикалык музыка сүйүүчүлөр катышты.

Концерттик программа А. Малдыбаев, В. Власов, В. Ференин “Айчүрөк” операсынын увертюрасы менен башталып, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун видео тасмасы көрсөтүлдү.

Андан соң, концерттин расмий бөлүгү болуп, Маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, иш-чара – түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы чыгармачыл кызматташтыкты чыңдоого, маданий баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган зор демилге экенин белгилеп, ТҮРКСОЙ уюмуна, бардык уюштуруучу тараптарга жана сахнада өнөр тартуулаган маданият чеберлерине ыраазычылык билдирди.

Классикалык концертте Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекттеринин таланттуу опера ырчылары өз тилдеринде жана дүйнөлүк классикалык чыгармалардан үзүндүлөрдү, арияларды аткарды. Алар Бакыт Ыбыкеев (Кыргызстан), Дамир Рахмонов (Өзбекстан), Айдос Жабагин (Казакстан), Уфуг Токэр (Түркия), Гульмира Нурметова (Өзбекстан), Озгежан Гэнчер (Түркия), Айбек уулу Атахан (Кыргызстан), Полина Попикова (Кыргызстан), Заира Раимбекова (Кыргызстан), Наргиз Сатмухамбетова (Казакстан), Эльгиз Бейшенбаев (Кыргызстан).

Концертти А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестри жана хору коштоду. Оркестрге Захар Бутенко менен Урмат Тентимишов дирижерлук кылды.

Эл аралык маданий иш-чара бардык катышуучулардын аткаруусунда Джузеппе Вердинин “Травиата” операсынан “Үлпөт ыры” менен аяктады.