Бишкекте "Театр менеджменти" аттуу квалификацияны жогорулатуу программасы башталды

Июнь 30, 2025 - 16:52
 7

Бүгүн, 30-июнда Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында театр директорлору, менеджерлер жана аткаруучулук искусство тармагындагы продюсерлер үчүн уюштурулган "Театр менеджменти" аттуу квалификацияны жогорулатуу программасы өз ишин баштады.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрининин орун басары Тимурлан Ажымалиев ачып, театр мекемелерин эффективдүү башкаруу, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, аудитория менен байланышты өнүктүрүү жана жаңыча ойлонгон чыгармачыл жетекчилерди даярдоо министрлик үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди.

Программага ылайык, Россиянын белгилүү ГИТИС — Театр искусствосу институтунун окутуучулары, Ольга Чембаева жана Евгения Кузнецова лекция өтүүдө.
Программа 72 академиялык саатты камтып, күндүзгү формада өтүүдө. Анын негизги максаты — театр мекемелеринин чыгармачыл, өндүрүштүк жана каржылык ишмердүүлүгүн уюштуруу жана башкаруу жаатындагы билимдерди кеңейтүү.

Программаны ийгиликтүү аяктап, жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн угуучулар белгиленген үлгүдөгү квалификацияны жогорулатуу тууралуу күбөлүк алат.
Окуу программасы төмөнкү негизги темаларды камтыйт:
Театрда репертуардык саясат жана стратегиялык пландоо;
Маркетинг жана реклама, SMM аркылуу театрдык долбоорлорду илгерилетүү;
Фестивалдык жана долбоордук менеджмент: концепция түзүүдөн баштап, көрүүчүлөр менен иштөө системасына чейин;
Финансылык менеджмент жана башкаруучулук эсеп;
Театрдагы чыгармачылык-өндүрүштүк ишмердүүлүктү пландоо;
Автордук укук.

Бул программа театр жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, маданият мекемелеринин ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу жана чыгармачыл тармактагы кадрлардын потенциалын бекемдөө багытында маанилүү кадам болуп саналат.

Квалификацияны жогорулатуу программасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Россиянын белгилүү ГИТИС — Театр искусствосу институтунун ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып жатат.