Тимурлан Ажымалиев Өзбекстандын Кинематография мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Ризаев менен жолукту

Июнь 7, 2024 - 18:21
 21

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Өзбекстанга болгон иш- сапарынын алкагында Өзбекстандын Кинематография мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Ризаев менен жолугуп, мурда байланышы түзүлүп калган кыргыз-өзбек кино тармагындагы кызматташуулар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда ошондой эле, Кыргызстандын Өзбекстандагы Маданият күндөрүнүн алкагындагы “Кыргыз киносунун күндөрүн” Ташкент жана башка шаарларында өткөрүү маселелери талкууланды.
Шухрат Ризаев өз кезегинде жалпысынан кинематографиядагы кыргыз-өзбек маданий жана чыгармачылык байланыштары тууралуу айтып, кыргыз тарапты 2024-жылдын сентябрь айында Ташкент шаарында өтүүчү эл аралык кинофестивалга чакырып, ушул жылдын 11-15-июнь күндөрү өтө турган II Бишкек Эл аралык кинофестивалына өзбек кинорежиссерлору катыша турганын белгиледи.
Жолугушуу учурунда Ташкент шаарында 11-апрелден баштап “Бейиш эненин таманында” тасмасы өзбек тилинде көрсөтүлүп көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып көрүүчүлөр көп келген тасмага айланып жаткандыгы айтылды.