Тимурлан Ажымалиев Иран Ислам Республикасынын расмий делегациясы менен жолугушту

Июнь 11, 2024 - 09:20
Июнь 11, 2024 - 11:47
 20
Тимурлан Ажымалиев Иран Ислам Республикасынын расмий делегациясы менен жолугушту
Тимурлан Ажымалиев Иран Ислам Республикасынын расмий делегациясы менен жолугушту
Тимурлан Ажымалиев Иран Ислам Республикасынын расмий делегациясы менен жолугушту
Тимурлан Ажымалиев Иран Ислам Республикасынын расмий делегациясы менен жолугушту
Бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Ирандын Маданият жана Ислам багыты министрлигинин кинематография жана аудиовизуалдык искусство боюнча уюмунун директору Мохаммад Хазаи Фадафан баштаган делегация менен жолугушту.
Бул жолугушуу 2-Бишкек Эл аралык кинофестивалынын алкагында өтүүчү Кыргызстандагы Иран кино жумалыгынын алкагында өттү.
Тимурлан Ажымалиев келген конокторго ызатын билдирип, Маданият министрлигине, жалпы эле Иран элине Президент Азирети Аятолла Сейид Ибрахим Раиси жана Иран Ислам Республикасынын бир нече жогорку даражалуу адамдары каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Ошондой эле ал, Иран киносу өзүнүн уникалдуу эстетикасы, терең сюжеттери жана таланттуу режиссерлору менен өзгөчөлөнөрүн, бул өлкөнүн маданияты жана тарыхы менен таанышууда тасмалар абдан маанилүү роль ойнорун белгилеп, “Иран кино күндөрүн уюштуруу кино адистери менен бирге жалпы коомчулуктун көңүлүн буруп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий алмашууну мындан ары да өнүктүрөт деп ишенебиз”деди ал.
Иран делегациясы өз кезегинде Маданият министрлигине жылуу тосуп алгандары үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө үчүн маданият жана кинематография жаатында биргелешип кызматташууну талкуулап жатып, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаменти менен Иран Ислам Республикасынын Маданият жана Ислам багыты министрлигине караштуу Кино жана аудиовизуалдык искусство маселелери боюнча уюмдун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлары макулдашылды.
Тимурлан Ажымалиев Меморандум эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштарды тереңдетүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болоруна ишенимин билдирди.
Белгилей кетсек Кыргызстандагы Иран киносунун күндөрү 12-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында т.а. “Азия-Молл” соода борборунун кинозалдарында акысыз көрсөтүлөт.