Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата 10 күндүк декада өтөт

Март 18, 2025 - 09:14
Март 18, 2025 - 09:30
 38
Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата 10 күндүк декада өтөт
Алыкул Осмонов - 110 жыл

Алыкулга таазим!

2025-жылы дүйнөгө белгилүү классик акын, өзгөчө таланттын жана тагдырдын ээси - Алыкул Осмонов 110 жашка толду.

Ушуну менен катар Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2025-жылды – Алыкулду эскерүү жылы деп жарыялады.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана акындын туулган күнүнүн 110 жылдыгын утурлай, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлиги, Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Алыкул таануу илимий борбору, Панфилов районундагы Алыкул Осмонов атындагы мемориалдык комплекси менен биргелешип, жыл бою өтө турган маанилүү иш чараларды мерчемдеди. 21-март – Алыкулдун туулган күнүнө карата 18-марттан 28-мартка чейинки 10 күндүк декадада төмөнкүдөй иш-чаралар старт алат.

- 18-март: Улуттук китепкананын А. Осмонов атындагы музейинде көргөзмө-стенд жасалып, онлайн саякат уюштурулат;

- 20-март: Китепкананын алдындагы Алыкул Осмоновдун эстелигинин жанында “Алыкул акындын аты өчпөйт” аттуу көркөм ыр окуу флешмобу өткөрүлөт;

- 20-март: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлигинин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, белгилүү коомдук ишмерлердин, Алыкулдун чыгармаларын изилдөөчүлөр, акын-жазуучулар, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттарынын, окурмандардын катышуусунда Алыкулдун эстелигине гүл коюлуп, “Алыкул аллеясында” көчөт отургузуу салтанаты өтмөкчү;

- 25-март: Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары, акын-жазуучулар менен студенттердин катышуусунда тегерек стол өткөрүлөт;

- 28-март: Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси өткөрүлөт;

- 20-апрель: Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн “Мой дом” аталышындагы ырлар жана поэмалар, макалалар жыйнагынын презентациясы Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте Москва шаарындагы дүйнөлүк Рудомини атындагы китепканада өтөт;

- 14–18-май: Түркиянын Элазыг шаарынын мэриясы, Эл аралык Манас басмаканасы менен биргеликте Ч.Айтматовдун паркында Манас эпосунун түркчө которулган китебинин презентациясы, А.Осмоновдун ыр фестивалы жана кыргыздын Ак Өргөөсүндө Каракол-Элазыг шаарларынын достук ырасмиси өтөт;

Июнь: Жети-Өгүз районундагы Койсары, Жети-Өгүз эс алуу жайларында А.Осмоновго арналган эстелик такта орнотулуп, “Ысык Көл жана Алыкул” ыр майрамы өткөрүлөт;

16-июль: Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган адабий-илимий практикалык конференция Казакстандын Аалам жазуучулар Одагы менен биргеликте Алматы шаарындагы улуттук китепканада өткөрүлөт;

Июль: Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында А.Осмоновдун 110 жылдыгына арналган илимий практикалык конференциялар өткөрүлөт. (макулдашуу менен)

15-октябрь: Панфилов районунун Каптал-Арык айылында А. Осмоновдун 110 жылдыгына арналган иш чаралардын жыйынтыктоочу этабы өткөрүлөт.

Ошондой эле китепканачылардын республикалык форумун жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн китепканаларынын Биринчи Конгрессин өткөрүү жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары жана акындын чыгармалары боюнча түзүлгөн библиографиялык көрсөткүчтү, котормолорун толуктап кайра басып чыгаруу иштери мерчемделген.

Маалымат үчүн: +996 990 577 999