Казакстан Республикасынын Астана шаарында “Борбор Азия глобалдык өзгөрүүлөр доорунда: медиа стратегиялык өнүгүүнүн куралы катары” аттуу Борбор Азия медиафорум өтүүдө.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдары жана медиа тармагындагы негизги өкүлдөрү катышууда.
Медиафорумдун алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн маалымат министрлеринин жолугушуусу өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышты.
Министрдин орун басары өз сөзүндө Борбор Азия мамлекеттеринин маданий жана тарыхый байланышын чыңдоонун, дезинформацияга жана санариптик коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн, ошондой эле киберкоопсуздук, билим берүү жана агартуу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Медиа элдерди бириктирүүчү, толеранттуулук идеяларын жайылтуучу жана регионалдык туруктуулукту камсыздоочу стратегиялык курал катары өзгөчө роль ойной турганын белгиледи.
“Бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүп, киберкоопсуздуктун биргелешкен механизмдерин түзмөйүнчө, санариптик коркунучтарды жөнгө салуу жаатында тажрыйбалар менен бөлүшүүлөр болбосо, ошондой эле билим берүү жана агартуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдабастан ишке ашыруу мүмкүн эмес. Маалыматтык интеграция технологиялык өнүгүү менен гана чектелбестен, жоопкерчиликтүү санариптик маданиятты калыптандыруу менен коштолушу керек” – деди ал.
Ошондой эле, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген жогорку даражалуу спикерлердин катышуусунда пленардык сессиялар өттү. Талкуулар жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана өлкөлөр аралык медиа кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталды.
Форумдун алкагында дүйнөнүн алдыңкы медиа уюмдарынын, анын ичинде Euronews, CGTN, Meta, ТАСС, CNN International Commercial сыяктуу медиа лидерлеринин баяндамалары угулду. Ошондой эле, санариптик трансформация, жасалма интеллект, медиамыйзамдар, сторителлинг жана социалдык тармактардын өлкө имиджин түзүүдөгү ролу тууралуу панелдик сессиялар өткөрүлдү.
Бул форум Борбор Азия аймагында тажрыйба алмашууга, өнөктөштүктү түзүүгө жана региондук маалымат мейкиндигин чыңдоого уникалдуу аянтча болду.