Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде министрдин орун басары Гүлбара Абдыкалыкованын жетекчилиги менен “Манас” эпосу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институнун өкүлдөрү жана Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору, “Манас” улуттук академиясынын президенти катышты.
Жыйындын максаты – кыргыз элинин баалуу маданий мурасы болуп саналган “Манас” эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объекттеринин аталыштарында пайдалануунун тартибин жөнгө салуу болуп саналат.
“Манас” эпосундагы башкы каармандардын ысымдарын мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги объекттердин, ошондой эле жеке уюмдардын аталыштарында белгилүү бир эрежелерге жана тартипке ылайык шарттарды сактоо менен пайдалануу керектиги белгиленген. Алардын маанисин бузбай, коомдук абройду сактап калуу үчүн атайын ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүү жана башка маеселелер тууралуу бул тартиптин долбооруна киргизилүүдө.
Бүгүн жогоруда аталган тартиптин долбоору жумушчу топ тарабынан талкууланып, пикирлер айтылып, кошумча сунуштар берилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын 10-мартында буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын бекиткен.