АЗИЯ БАЛДАРЫ: Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы 1 алтын, 2 коло медаль жеңди

Июль 3, 2024 - 18:25
 7

35 кг салмакта Нурислам Токтогулов жарым финалда якутиялык Михаил Егоровду жеңсе, финалда казакстандык Алихан Болатбекти утуп, алтын байгенин ээси болду. Ага чейин казак, тажик жана сириялык балбандарды утуп алган.
44 кг салмакта Абдуллахожо Абдуллаходжоев алгачкы таймашында өзбекстандык Умаржон Мухтаровду 11:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда түндүк кореялык балбанга утулду. Андан соң орусиялык Хусрав Сайфидиновду артка калтырып, коло медаль тагынды.
92 кг салмакта Санжар Сталбеков коло байге үчүн күрөштө беларустук Кисел Дмитрини 4:0 эсебинде утуп, коло байгенин ээси болду. Ага чейин жарым финалда Максим Легашневге жеңилген. Чейрек финалда якутиялык Иван Тихоновду уткан.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасын ага машыктыруучу Айбек Бердалиев жетектеп барган. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан жалпы 7 балбан катышты.