Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев менен жолугушту

Июль 1, 2024 - 21:52
 7

Бүгүн, 1-июлда Астанада Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстан Республикасынын Туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев менен жолугушту. Жолугушуу ушул жылдын сентябрь айында Астанада өтө турган Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын негизги аспектилерин талкуулоого арналды.
Ермек Маржикпаев кыргыз делегациясын жылуу тосуп, иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан оюндарды өткөрүүгө даяр экенин ырастап, Бешинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өлкөлөр ортосундагы маданий жана спорттук байланыштарды чыңдоодогу маанисин баса белгилеп, оюндардын башталышына болгону 69 күн калганын белгиледи.
Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында күндүн символу бар логотип жана ыйык элемент катары суу колдонуу сыяктуу маанилүү салттык элементтер сакталып калганы айтылды.
Кошумчалай кетсек, Оюндардын ачылыш аземинде кыргыз делегациясы спортчулардын парадын ачып, салтанатта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий гимни жаңырат, тексттин автору Уланбек Абдрахманов, обону Эмил Кенжекулов.
Өз кезегинде Чыңгыз Эсенгул уулу казак тарар жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын делегациясы спорттун 21 түрү боюнча катышарын ырастап, «Биздин спортчулар алдыдагы 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өз өнөрлөрүн жана таланттарын көрсөтүүгө даяр», - деди.
Жолугушуу «Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин элдерди бириктирген жана Бүткүл дүйнөгө көчмөндөрдүн маданияты менен каада-салттарынын байлыгын көрсөткөн чоң окуя болоруна ишенебиз», - деп жыйынтыктады тараптар.
Жыйында ошондой эле кийинки оюндарды Кыргызстанда өткөрүү маселеси да талкууланып, мындан аркы кызматташууга даярдыктарды билдирүү менен аяктады.