Алтынбек Максутов Өзбекстан Республикасынын Маданият министри Озодбек Назарбеков менен Өзбекстанда өтө турган маданият күндөрүн талкуулады

Июнь 29, 2024 - 15:33
Июль 1, 2024 - 10:33
 6
Алтынбек Максутов Өзбекстан Республикасынын Маданият министри Озодбек Назарбеков менен Өзбекстанда өтө турган маданият күндөрүн талкуулады
2024- жылдын 28-июнунда Алтынбек Максутов Өзбекстан Республикасынын Жизак облусунда Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М.Мирзиёевдин демилгеси менен өтүп жаткан II Эл аралык маком искусствосу Форумунун алкагында кесиптеши Өзбекстан Республикасынын Маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушту.
Алтынбек Максутов алгач жогорку деңгээлде уюштурулуп өтүп жаткан II Эл аралык маком искусствосу Форумуна чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул Форум искусствону жан-дили менен сүйгөн чыгармачыл адамдардын улуу майрамы экенин жана маком дүйнө жүзүндөгү искусство сүйүүчүлөргө ар дайым күч-кубаттын, шыктануунун түгөнгүс булагы болорун белгиледи.
​Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Өзбекстанда Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрүү жана өтүүчү жерлердеги деталдуу иш пландары бирге талкуулашты.
​Иш-чаралар Ташкент шаарында жана борбордун Көгүлтүр куполдор паркында, Каракалпакстан Республикасынын Нукус шаарында жана Өзбекстандын башка региондорунда өткөрүү пландалды.
​Ошону менен бирге Кыргыз кино күндөрүн Ташкентте жана башка шаарларында да өткөрүп, кыргыз кинолорун кеңири жайылтуу жана көрүүчүлөрдү тасмалар менен тааныштыруу жөнүндө макулдашты.
​Алтынбек Максутов учурда “Однажды в Самарканде” биргелешкен тасмасы тартылып жаткандыгын белгилеп, мындай долбоорлордун санын арттыруу жана сапатына көңүл буруу менен эки элдин биримдигин, достугун бекемдөөгө чоң өбөлгө болорун кошумчалады.
​Жыйынтыгында кыргыз-өзбек кызматташуусун мындан дагы тереңдетип, көптөгөн китеп, музей, көркөм өнөр көргөзмөлөрүн уюштуруп жана чыгармачыл жамаатардын биргелешкен, концерттерин өткөрүү макулдашылды.