Экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды

Июнь 15, 2024 - 21:28
Июнь 16, 2024 - 00:28
 0  9

Бүгүн, 15- июнда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Экинчи Бишкек эл арлык кинофестивалы салтанаттуу жыйынтыкталды.
Жабылыш аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Бишкек шаарынын меринин орун басары Жамалбек Рысалиев катышты.
Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө 5 күндөн бери Бишкек шаарында өткөн Экинчи Бишкек эл арлык кино фестивалы 26 өлкөдөн келген кино ишмерлеринин башын бириктирген мыкты аянтча болуу менен бирге, шаар тургундарына жана меймандарына өзгөчө маанай тартуулаганын айтып, фестивалдын уюштуруу иштерине катышкан бардык тараптарга ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөгө токтолду.
“Көптөгөн маданий иш-чаралар менен коштолгон фестиваль өз максатына жетип, жергиликтүү жана дүйнөнүн төрт тарабынан келген меймандарыбыз үчүн дагы жемиштүү өттү деп ишенем.
Бул күндөрү өзгөчө фестивалдын Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиянын маанилүү кино майрамына айланганын байкай алдык. Мындан улам фестивалды маданий майрамга айланткан жана аны маңыздуу кылган ар бир катышуучуга, коногубузга ыраазычылык билдирем.
Бишкек эл аралык кинофестивалы мындан ары дүйнө кино чеберлерин башын бириктирген эл аралык деңгээлдеги аянтча болууну уланта бермекчи”- деп өз сөзүн жыйынтыктады.