"Көөнө тарых сыралары" Мамлекеттик программасынын алкагында Панфилов районундагы тарыхый-маданий мурас объекттер эсепке алынып, жайгашкан аймагы аныкталып картасы түзүлмөкчү

Июнь 14, 2024 - 16:45
 0  12
"Көөнө тарых сыралары" Мамлекеттик программасынын алкагында Панфилов районундагы тарыхый-маданий мурас объекттер эсепке алынып, жайгашкан аймагы аныкталып картасы түзүлмөкчү
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча республикалык инспекциясы” тарабынан Чүй облусунун Панфилов районунун тарыхый-маданий мурас объекттеринин картасын жана алардын жыйындысын түзүү үчүн тендер жарыяланып, тиешелүү иш аракеттер башталды.
Бул үчүн республикалык бюджеттен атайын акча каражаты каралууда.
Негизги максат Панфилов районунун жалпы администрациялык-аймагынын чегинде райондогу жалпы тарыхый-маданий мурас объекттерди эсепке алуу менен бирге алардын картасы түзүлүп, алардын жайгашкан аймагынын чек арасы аныкталат.
Жыйынтыгында жер участокторду которууда (трансформациялоодо) тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жүргүзүү жумушун толук бүткөрүп, жалпы отчет/корутунду даярдалат. Тиешелүү иштер археолог-адис М.Борсунбаевдин жетекчилиги алдында өтөт.
Буга чейин ар бир жер участогуна археолог-адистер изилдөө жүргүзүп өзүнчө корутунду берип келген болсо, эми мындай татаалдашкан иш- аракеттер тип жеңилдейт.
Бул комплекстүү иш-чараны ишке ишыруу үчүн Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы, райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Жер ресурстары кызматынын райондогу филиалы, регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы активдүү катышып, илимий-изилдөөчү топко ар бир айыл аймактагы жер участоктордун контурлары жана жалпы аянты боюнча карталарды, эстеликтердин жайгашкан орду боюнча маалыматтарды, документтерди, материалдарды, берүүнү камсыз кылышмакчы.
Эске салак, аталган иш -чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык аткарылууда.