29-март күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде фотограф Рахат Керимбаевдин чыгармачылыгынын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү өттү.Ага Маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, Керимбаевдин сүрөттөрү адамдын жан дүйнөсүнө терең таасир берип, бактылуулуктун түрдүү өңүттөрүн даңазалаларын, бул көргөзмө анын эмгекчилдигинин, таланттуулугунун жана чыгармачыл сезимталдыгынын далили экенин белгилеп, чыгармачылык сапарындагы жаңы табылгаларды каалады.
Рахат Керимбаев көргөзмөсү “Бактылуулуктун пантону” аталып, объективде чагылдырылган 150дөн ашуун эмгеги коюлган.
Көргөзмөгө адамдардын бактылуу учурлары чагылдырылган картиналар орун алган:
Үйлөнүү тойлор – эки жүрөктүн биригиши.
Үй-бүлөлөр – үй-бүлө бекем болсо, мамлекет бекем болот.
Балдардын жылмаюусу – бала жылмайса, аалам жылмайат.
Карылар – карысы бардын ырысы бар.
Белгилесек, билеттерден жана сүрөттөрдөн түшкөн каражаттын 20% "Help the Children - SKD" фондуна онкологиялык жана оор дарты бар балдарга жардам катары берилет.