Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз улуттук "Манас" театрында Азербайжан байыркы салттуу музыкалык аспаптар ансамблинин концертти болду.
Достук маданий иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Азербайжан Республикасынын Маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы Гусейнов, Азербайжан Республикасысынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, музыка ишмерлери, салттуу музыканын күйөрмандары катышты.
Концертте ансамблдин көркөм жетекчиси жана концертмейстери, Азербайжан Республикасынын эл артисти Мунис Шарифов жетектеген чыгармачыл топ жана солисттер Азербайжан Республикасынын эл артисти Тейюб Асланов жана эмгек сиңирген артист Нурия Гусейнова азербайжан элинин музыкалык казынасынан тандалган чыгармаларды, ыр-күүлөрдү тартуулады.
Азербайжан байыркы салттуу музыкалык аспаптар ансамбли Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин жарлыгы менен 1996-жылы түзүлгөн. Ансамбль Азербайжанда орто кылымдарда колдонулган байыркы музыкалык аспаптарда ойногону менен өзгөчөлөнөт. Буларга: Чанг, чагана, барбет, жантүр, руд, рубаб, ширван танбур сетар, чогур, ганун, ней, дэф ж. б. кирет. Курамы жалпы 15 кишиден турат. Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасында өтүп жаткан Маданият күндөрүнө 12 өнөр адамы келген. Алардын 10у аспапчылар, 2 солист. Ансамблдин дагы бир өзгөчөлүгү Азербайжандын орто кылымга таандык улуттук кийимдерин кийип, сахнага чыгат.