Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин музыкасынын долбоорлору кабыл алынууда

Август 12, 2025 - 17:14
 19
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин музыкасынын долбоорлору кабыл алынууда
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан тандалып алынган 5 мыкты текстке жазылган музыкалардын долборлору кабыл алынууда. Музыкалык чыгармалардын долбоорлорун кабыл алуу сынактын 2-этабы болуп саналат.
Сынактын 2-этабында композиторлорго, музыканттарга, ырчыларга, автордук жамааттарга (музыкалык чыгармачыл жамааттарга, студияларга, союздарга, ошондой эле башка уюмдарга – 5 адамдан ашпаган курамда) Сынактын 1-этабында тандалып алынган тексттерге жазылган музыкалык чыгармалары менен жол берилет.
Сынакка “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автордук укуктарды сактоо менен жаңы, ошондой эле мурда аткарылган жана жарыяланган музыкалык чыгармалар сунушталышы мүмкүн.
Сынактын 2-этабынын ар бир катышуучусу Сынакка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин долбоорунун музыкасынын бир же бир нече вариантын сунуштай алат.
Гимндин долбоору 3төн ашык эмес куплеттен жана 1 кайырмадан туруп, 4 мүнөттөн ашпаган узактыкта болууга тийиш. Гимндин долбоорунун кыска варианты аспаптык аткарууда 3 мүнөттөн ашпоого тийиш.
Белгилей кетсек, Сынактын 2-этабына катышуу үчүн жарандар долбоорлордун кагаз жүзүндөгү вариантын 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78.
Ал эми электрондук варианттары gimn.2025@minculture.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт.
Сынакка катышууга өтүнмөдө төмөнкү документтер тиркелет:
- чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосунда үн/хор же оркестрдин коштоосунда үн/хор менен вокалдык жана аспаптык аткаруу USB-флеш-алып жүрүүчүдө видеожазуу же аудиожазуу түрүндө музыкасынын жазуусу;
- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндө музыкасынын ноталык жазуусу (партитурасы);
- Гимндин долбоорунун кагаз жүзүндөгү тексти;
- ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.
Сынактын 2-этабы тууралуу Жобо жана катышуу үчүн тапшырылуусу талап кылынган документтердин формалары тиркелет.

Файлдар