Бүгүн, 2025- жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинде жаш кинорежиссёрлор жана кино жаатында эмгектенген чыгармачыл жаштар менен жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин орун басары Марат Тагаев, ошондой эле Кинематография департаментинин директору Адамалиев Улан Айылчиевич катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кино өнөрүн өнүктүрүү, жаштарга колдоо көрсөтүү, улуттук кинонун сапатын жогорулатуу жана эл аралык аренага чыгаруу маселелери талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик деңгээлде жаш режиссёрлорду колдоо механизмдери, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана заманбап кинонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой-пикирлер ортого салынды.
Жаштар өз кезегинде кино тармагындагы көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин айтышты. Алар өлкөдө сапаттуу кинопроцессти жолго коюу, техникалык шарттарды жакшыртуу жана чыгармачылык эркиндикти кеңейтүү тууралуу ойлорун билдиришти.