“Виват, рояль!” II эл аралык фортепиано фестивалы П.Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде өз эшигин ачты

Май 28, 2025 - 19:11
 13

Бүгүн, 28-майда П.Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде “Виват, рояль!” эл аралык фортепиано фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Фестиваль фортепианого кызыккан жаш таланттарды, тажрыйбалуу педагогдорду жана музыка күйөрмандарын бир аянтчага бириктирди.

Фестивалдын биринчи күнү атайын чакырылган коноктордун мастер-классы менен башталды. Катышып жаткан жаш таланттарга, педагогдорго Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Гнесиндер атындагы музыкалык окуу жайынын фортепиано классынын мугалими, эл аралык сынактардын лауреаты Анна Арзаманова жана Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Курмангазы атындагы казак улуттук консерваториясынын доценти, Жамбыл атындагы казак мамлекеттик филармониясынын башкы солисти Гульнара Курамбаева өз тажрыйбаларынан бөлүшүп, лекция өттү.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлзинат Суранчиева фестивалдын расмий бөлүгүн ачып, мындай иш-чаралар жаштардын чыгармачылыгын колдоого, эл аралык тажрыйба алмашууга чоң салым кошорун белгиледи.

“Виват, рояль!” фестивалы алдыдагы күндөрү да уланат. Программада чыгармачыл жолугушуулар, педагогикалык семинарлар жана таланттуу катышуучулардын аткаруусундагы музыкалык номерлер бар. Фестиваль 30-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18.00дө гала-концерт менен жыйынтыкталат.

II эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен П.Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби тарабынан уюштурулууда.