Бишкекте эпос таануучулардын эл аралык симпозиуму өтүүдө

Май 29, 2025 - 12:15
Май 29, 2025 - 19:54
 11

Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасында “Эпостун универсалдуу табияты: типологиясы жана негизги этникалык моделдери” аттуу эл аралык илимий-практикалык симпозиум өз ишин баштады. Бул иш-чара улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында уюштурулууда.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу манасчы, Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, долбоордун координатору Дамира Алышпаева ошондой эле симпозиумга дүйнөнүн 30дан ашуу өлкөсүнөн келген 70тен ашуун белгилүү фольклор изилдөөчүлөрү, окумуштуулар, тарыхчылар жана маданий мурастар боюнча адистер катышууда.

Алар эпостордун жалпы адамзатка таандык универсалдуу баалуулуктарын, ар улуттун өзүнө мүнөздүү этникалык моделдерин жана эпикалык мурастын заманбап коомдогу ордун талкуулап жатат.

Иш-чарада ар түрдүү баяндамалар окулуп, илимий талкуулар жүрүп, эпосту жаңы ыкмалар менен изилдөөнүн жолдору сунушталууда. Ошондой эле, көргөзмөлөр жана фольклордук өнөрдүн жандуу аткаруулары да орун алууда.

Симпозиумдун максаты — эпикалык мурастарды терең изилдөө аркылуу дүйнө элдеринин маданий көп түрдүүлүгүн жана руханий жакындыгын чагылдыруу, ошондой эле бул баалуулуктарды кийинки муунга жеткирүүнүн жаңы формаларын табуу.