28-май күнү Ош шаарында көрүнүктүү акын, публицист, прозаик жана котормочу Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган "Жашыл аалам" эл аралык поэзия фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды.
Фестивалдын расмий ачылышы Ош мамлекеттик университетинде өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, акындын жубайы Менде Мамазаирова, ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, маданият жана билим берүү тармагындагы ишмерлер катышты.
Фестивалдын алкагында “Отту сүйөм” жана “Жашыл аалам” аттуу поэзия кечелери өтүп, анда акындын мыкты лирикалык жана патриоттук ырлары жаңырды. Жолон Мамытовдун чыгармачылыгы — кыргыз руханий дөөлөтүнүн ажырагыс бөлүгү экендиги дагы бир жолу белгиленди.
Иш-чаранын алкагында Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда акынга арналган эстеликтин ачылышы болуп өттү. Бул мемориал акындын элесин түбөлүккө калтырып, шаар тургундары жана меймандары үчүн жаңы маданий жайга айланды.
Фестиваль Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан жана Кыргызстандын жаш акындарын бир аянтчага чогултту. Үч күнгө созулган иш-чаранын программасында чыгармачылык мастер-класстар, поэтикалык беттештер, маданий экскурсиялар жана түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы адабий диалогду өнүктүрүүгө багытталган талкуулар каралган.
Маалымат үчүн:
Белгилүү акын Жолон Мамытов 1940-жылдын 1-апрелинде Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында төрөлгөн.
Орус тилдүү окурмандарга анын «Ток» (1985), «Родник и океан» (1983), «Мяч» (1984) аттуу ыр жыйнактары, ошондой эле «Юность» журналында жарык көргөн ырлары белгилүү. Балдарга арналган «Оседлайте коней» (1986) жыйнагы да ошол жылдары жарыяланган. Акын өз эне тилинде ондон ашуун ыр жана поэма жыйнактарын чыгарган. Алардын арасында «Суунун өмүрү», «Баатыр Челтен жөнүндө жомок» чыгармалары, куурчак театры үчүн жазылган «Түркүк эненин балдары» аттуу пьеса, ошондой эле «Олокон» мультфильминин сценарийи бар.
Жолон Мамытов бир катар либреттолордун жана сценарийлердин автору да болгон.
Акын 1988-жылы дүйнөдөн кайткан.