Бүгүн, 27-майда Кыргыз улуттук “Манас” театрында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин туулгандыгынын 130 жылдыгына арналган VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында мерчемделген бир нече иш-чара өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө баланын алгачкы кадамын символдоштурган кыргыз элинин тушоо кесүү салты көрсөтүлдү. Салттуу көрүнүш төкмө акындардын жар чакыруусу менен башталып, аксакалдар бата берип, улуттук ыр-күүлөр менен коштолду.
Андан кийин элибиздин улуттук ашканасынан түрдүү даамдар коюлган тамак-аштардын фестивалы болду. Анда чучук, боорсок, курут, каттама, кымыз жана максым сыяктуу улуттук даамдар жана суусундуктар сунушталды.
Андан соң “Тайтору” спектаклинин премьерасы болду. Бул коюм элдик мотивдер менен заманбап театр искусствосун айкалыштырып, көрүүчүлөрдү ар-намыс, мекенге болгон сүйүү тууралуу ойлонууга түрттү. Көрүүчүлөр спектаклди жылуу кабыл алды.