Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында фестивалдын катышуучуларынын кечки концерти өттү.
Бишкек шаарынын тургундары жана меймандарына Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри, “Атай” комузчулар ансамбли, Т. Тыныбеков атындагы ооз комузчулар ансамбли өз өнөрлөрүн тартуулады. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, дастанчы Өмүрзак Кайыпов, филармониянын солисти Эламан Жалалов, Элгиз Бейшенбаев оркестрдин коштоосунда жагымдуу ырларды аткарды.
Ошондой эле бул кечте, фестивалдын коногу, көпчүлүк күткөн Эквадорлук пан-флейтачы Лео Рохас түрдүү аспаптардын коштоосунда чыгармалардан аткарып, майрамдык маанай тартуулады.