Министрдин орун басары Чыгыз Эсенгул уулу Кореянын Улуттук Азия маданий борборунун президенти Ли Кан Хен менен жолугушту

Май 19, 2024 - 12:39
Май 19, 2024 - 19:40
 19
Министрдин орун басары Чыгыз Эсенгул уулу Кореянын Улуттук Азия маданий борборунун президенти Ли Кан Хен менен жолугушту
Бүгүн, 19-майда Ашхабат шаарында (Түркмөнстан) Махтымкули Фрагинин туулган күнүнүн 300 жылдыгына арналган маданият министрлеринин эл аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Корея Республикасынын Улуттук Азия маданий борборунун президенти Ли Кан Хен мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Кореянын Улуттук Азия маданий борборуна өлкөбүздүн китепканаларына жана музейлерине көрсөткөн техникалык жана консультациялык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Борбордун президенти Ли Кан Хен белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги борбор үчүн негизги өнөктөш болуп саналат жана маданий мурас, китепкана жана музей иштери жаатында кызматташууну бекемдөө үчүн мындан аркы кадамдарды өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.