Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Интервидение” эл аралык музыкалык конкурсуна Кыргыз Республикасынан катышуучуну аныктоо үчүн конкурстук тандоого катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылгандыгын билдирет. Өтүнмөлөр 2025-жылдын 28-мартына чейин кабыл алынат.
Эскерте кетсек, өтүнмөлөрдүн формаларын министрликтин расмий баракчасынан алууга болот:
https://minculture.gov.kg жана intervidenie.minculture@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.
Тандоо туруна катышууга өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
• паспорттун көчүрмөсү;
• чыгарма тууралуу маалымат (чыгарманын аталышы, авторунун аты-жөнү, жанр);
• резюме;
• эл аралык сынактарга катышуу жөнүндө сертификаттарды, грамоталарды, дипломдорду ж.б.
Эгерде тандоо туруна музыкалык жамааттар катышса, анда өтүнмөдө жамааттын аталышы, алардын автордук катышуусун тактоо менен бардык авторлор жөнүндө жогоруда аталган маалыматтар көрсөтүлөт.
• Кыргыз Республикасында популярдуу аткаруучу же музыкалык топ болушу зарыл;
• Катышуучу эл аралык музыкалык сыйлыктардын ээси болушу керек, ошондой эле карьерасындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат (Википедияга шилтеме, пресс-релиз жана өмүр баяны менен);
• Катышуучунун жашы 16дан кем эмес;
• Сахнада 6дан ашык аткаруучу болбошу керек;
• Катышуучунун кароо сынактык ыры Кыргыз Республикасында 2024-жылы чыгарылган же атайын кароо сынагы үчүн жазылган ырды аткарышы керек;
• Ырдын темасы кароо сынагынын баалуулуктарына дал келиши керек;
• Ырдын узактыгы 2 мүнөттөн кем эмес жана 3 мүнөттөн ашык болбошу керек;
• Ыр популярдуу музыка жанрында жазылышы керек. Маданиятты чагылдырган этникалык жана фольклордук кошумчалар/үлгүлөр болуусу мүмкүн;
• Ыр дүйнө элдеринин каалаган тилинде аткарылышы мүмкүн;
• Финал учурунда ырды жандуу аткаруу шарт.
- Министрликтин Искусствону өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгы: 0312 62 34 97;
- Улуттук маданий борборунун эл чыгармачылык бөлүмү: 0312 88 69 33.
Биз белгилүү таланттуу ырчыларды жана музыкалык жамааттарды сынактык тандоого катышууга жана Кыргызстандын атынан абройлуу эл аралык "Интервидение"музыкалык сынагына катышууга чакырабыз.