Бүгүн Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясынын сынагына билдирмелерди кабыл алуунун акыркы күнү

Март 20, 2025 - 13:58
Март 20, 2025 - 13:59
 13
Бүгүн Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясынын сынагына билдирмелерди кабыл алуунун акыркы күнү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясына мыкты долбоорлорду тандоо боюнча сынакка билдирмелерди кабыл алуунун акыркы күнү.

Катышууну каалагандар саат 17:00гө чейин өтүнмөлөрүн тапшырса болот.

Маданият министрлигиндеги түзүлгөн техникалык топ каттоодон өткөн өтүнмөлөрдү кабыл алып, аларды ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берет.

Экинчи этапта комиссия чыгармаларды белгиленген критерийлер боюнча баалап, мыкты үч эмгекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтөт.

Аталган комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жазуучулар, композиторлор жана маданият ишмерлери кирет.

Сынактын жеңүүчүлөрү кыргыз элинин негизги баалуулуктарын даңазалаган, мекенчилдик сезимди күчөтүп, өлкөбүзгө сыймык менен мамиле кылууга үндөгөн жаңы мамлекеттик символду жаратууга салым кошууга мүмкүнчүлүк алышат.

Байланыш үчүн телефон: 0312 66 11 28, 0557 61 16 89 (whatsapp).