Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Жамааттык Медиалардын Бирлиги менен биргеликте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча маалыматтык кампания өз ишин баштады.
Аталган иш-чара кечээ, 11-мартта Чүй облусунан старт алды.
Мастер-класстардын негизги темалары төмөнкүлөр болду:
• Медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негиздери
• Санариптик алдамчылыктардын коркунучу: чыныгы учурлар жана коргонуу жолдору
• Кастык сөздөр: аларды кантип аныктап, алдын алууга болот?
•
mediamap.kg интерактивдүү картасы жана жалган маалыматты көзөмөлдөө механизмдери.
Бул иш-чаралардын башкы максаты – мамлекеттик кызматкерлердин медиа сабаттуулугун жогорулатуу, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, санариптик алдамчылыктарды аныктоо жана аларга каршы туруу, ошондой эле кастык тилине сөздөргө каршы күрөшүү.
Кампаниянын алкагында мастер-класстар Кыргызстандагы жети аймакта өтөт: Бишкек, Ош, Баткен, Талас, Нарын, Каракол жана Жалал-Абад.
Ар бир аймакта мастер-класстар мамлекеттик мекемелерде өтүп, ага жергиликтүү администрациялардын, Президенттин өкүлчүлүктөрүнүн жана мэриялардын өкүлдөрү катышат.
Кампания 18-мартка чейин уланат.
"Текшердим!" – бул коомдун туруктуулугун камсыздоо жана жалган маалыматтар менен күрөшүү боюнча маанилүү кадам. Сиз дагы бул демилгеге кошулуп, чынчыл жана так маалымат үчүн күрөшө аласыз!
Байланышуу үчүн:
+996 707 330 010
aosmikyrgyzstan@gmail.com