Бүгүн, 13-мартта, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу маселесине арналган жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун
алкагында өткөрүлдү. Жолугушууга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, жумушчу топтун жетекчиси, Юстиция министрлигинин Эл аралык-укуктук башкармалыгынын башчысы Азат Бакаев жана Маданият министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик аппаратты реформалоонун негизги аспектилери, ашыкча административдик жол-жоболорду кыскартуу, мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандар менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүү маселелери каралды. Айрыкча, ченемдик укуктук актыларды оптималдаштыруу, документ жүгүртүүнү санариптештирүү жана кайталанма функцияларды жоюу маселелерине көңүл бурулду.
Маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков бюрократиядан арылуу – бул учурдун талабы гана эмес, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана оперативдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл кадам экенин баса белгиледи. Ал жүргүзүлүп жаткан реформалар мамлекеттик башкаруу системасын натыйжалуураак кылууга багытталып, негизги көңүл ачыктыкка, жеткиликтүүлүккө жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга буруларын белгиледи.
Өз кезегинде жумушчу топтун жетекчиси Азат Бакаев реформалардын негизги максаты – башкаруу процесстерин мамлекеттик кызматкерлер үчүн да, мамлекеттик кызматтарды колдонгон жарандар үчүн да түшүнүктүү жана ыңгайлуу кылуу экенин айтты.
Жолугушуунун катышуучулары бюрократиядан арылтуу боюнча маселелер чаралары коомдун мамлекеттик органдарга болгон ишенимин арттырып, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет деген ишенимин билдиришти. Бул багыттагы иштер жолугушуунун жүрүшүндө айтылган сунуштар жана сын-пикирлер эске алынуу менен улантылат.