КЫРГЫЗСТАН БУУДА ЖАШТАР САЯСАТЫ БОЮНЧА ДЕМИЛГЕЛЕРИН СУНУШТАДЫ

Сентябрь 29, 2025 - 17:47
 30

2025-жылдын 25-сентябрында БУУнун штаб-квартирасында Жаштар үчүн Бүткүл дүйнөлүк аракет программасынын 30 жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги жолугушуу өттү. Жыйынды БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Анналена Бербок ачты.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев сөз сүйлөп, өз кайрылуусунда глобалдык прогрессти тездетүү үчүн муундар аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2250 “Жаштар, тынчтык жана коопсуздук” резолюциясын ишке ашыруу боюнча Кыргызстан тарабынан Улуттук иш-аракеттер планы бекитилгендигин белгиледи.
Бүткүл дүйнөлүк аракет программасы 15 артыкчылыктуу багытты камтыйт, аларга билим берүү, ишке орношуу, ачарчылык жана жакырчылыкка каршы күрөш; саламаттык сактоо жана айлана-чөйрө, глобалдашуу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, куралдуу жаңжалдар жана муундар аралык маселелер кирет.
Жыйындын жүрүшүндө БУУнун Баш катчысы чечим кабыл алуу процессинде, айрыкча алардын келечегин аныктаган маселелерде жаштарды тең укуктуу өнөктөш катары кароого чакырды.