2025-жылдын 11-сентябрында Санкт-Петербург шаарында Бириккен маданияттардын XI эл аралык форумунун алкагында чет өлкөлүк делегация башчыларынын кеңейтилген жыйыны өттү. Быйылкы форумдун негизги темасы – «Маданиятка кайрылуу – кеңири мүмкүнчүлүктөр".
Форумда Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, расмий кайрылуу жасады.
Өз кайрылуусунда министр маданият улуттук өзгөчөлүктүн негизин түзөрүн жана ошол эле учурда элдер менен мамлекеттерди бириктирген көпүрө экенин белгиледи. Ал Кыргызстандын бай руханий мурастарын — ЮНЕСКОнун баалуу мурасы катары таанылган «Манас» эпосун, элдик кол өнөрчүлүктү, музыканы жана салттарды, ошондой эле өлкөнүн жаңы маданий формаларга, эл аралык алмашууларга жана биргелешкен долбоорлорго ачыктыгын баса белгиледи.
Мамбеталиев маданий билим берүүнүн жана жаштарды колдоонун маанисине өзгөчө көңүл буруп, дал жаңы муун тынчтыктын, диалогдун жана жаратуучулуктун баалуулуктарын алып жүрүүгө тийиш экенин белгиледи.
Министр форумдун катышуучуларын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырып, бул ири иш-чара 2026-жылы Кыргызстанда өтөрүн билдирди. Ал бул оюндар дүйнө коомчулугуна көчмөн цивилизациясынын маданияты жана анын заманбап көрүнүшү менен жакындан таанышууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.