Кыргыз Республикасынын “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Мыйзам долбоорунун презентациясы өттү

Июнь 28, 2024 - 18:46
 4

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Жогорку Кеңештин депутаттары, көз карандысыз журналисттер, юристтер жана эл аралык уюмдардын байкоочуларынан турган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу боюнча жаңы жумушчу топ түзүлгөн, ал Мыйзам долбоорун жеткире иштелип чыгып, 2024-жылдын 24-июнунда ишин аяктады.
Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча, бүгүн Министрлик тарабынан аталган Мыйзам долбоору боюнча жыйын өттү. Жыйынга мамлекеттик органдардын, медиакоомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана бардык кызыктар тараптардын өкүлдөрү катышты.
Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу долбоорду толуктап иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясы негиз катары алынганын жана жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында мыйзам долбооруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргендиги тууралуу айтты.
Негизги өзгөртүүлөр жана толуктоолор алкагында, мыйзам долбоорунда интернет-басылмаларды, аудио, видео жана кинохроникалык программаларды ыктыярдуу каттоону киргизүү, “массалык маалымат каражаттары” түшүнүгүн кеңейтүү, ЖМК негиздөөчүсүнүн ролун жана редактордун статусун тактоо, маалымат булагын жашыруун сактоо милдетин киргизүү, “коомдук кызыкчылык” түшүнүгүн киргизүү, маалыматты таратууну чектөөнүн укуктук критерийлерин белгилөө, ЖМК жоопкерчилигин жана жоопкерчиликтен бошотуу шарттарын тактоо, ошондой эле этикалык стандарттарды сактоону колдоо каралган.
Мыйзам долбоорунун натыйжаларын божомолдоодо аны кабыл алуу менен социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбей тургандыгы айтылып, ал Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык келери жана республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбай тургандыгы белгиленген.
Иш-чаранын жыйынтыгында суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, анда спикерлер чакырылган коноктордун бир катар суроолоруна жооп беришти.