Министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Түркияда өткөн эл аралык балет сынагында баш байгени жеңген Адильжан Рахмановду кабыл алды

Июнь 28, 2024 - 18:50
 5

Бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Түркияда өткөн эл аралык балет сынагында баш байгени жеңген бийчи, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайынын 2- курсунун студенти Адильжан Рахмановду кабыл алды.
Тимурлан Ажымалиев Адильжан Рахмановдун эл аралык балет сынагындагы ийгилиги менен куттуктап, окуудагы жана чыгармачылыктагы жетишкендиктерди каалады.
Министрдин орун басары Адильджандын жеңиши Бишкек хореографиялык окуу жайы үчүн сыймык алып келип жатканын белгилеп, балет өнөрүндөгү бул жетишкендикке анын окутуучуларынын дагы ордун белгилеп, балет искусствосун өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Түркияда өткөн VI Стамбул эл аралык балет сынагы классикалык хореография дүйнөсүндөгү маанилүү сынактардын бири болуп жана 17-18 жаштагы студенттер үчүн мындай иш-чарага катышуу негизги мүмкүнчүлүктөрдүн бири болуп саналат.
Сынакка катышкандар өзүнүн жетишкендиги менен бирге, сынак учурунда өз өлкөсүнүн хореографиялык мектебинин деңгээлин көрсөтө алат.
Белгилей кетсек, Маданият министрлиги өз кезегинде Адильжан Рахмановдун бул сынакка катышуусуна каржылык жактан колдоо көрсөткөн.