Кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүсү Сагын Ишенов акыркы сапарга узатылды

Июнь 28, 2024 - 13:52
Июнь 28, 2024 - 18:52
 5

Бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз ССРинин көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер жана кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүсү Сагын Ишенов акыркы сапарга узатылды.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары Октябрь Капалбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, маркумдун кесиптештери, жакындары жана шакирттери катышты.
Коштошуу зыйнатында сөз алгандар өзүнүн мазмундуу жана өрнөктүү өмүрүндө Сагын Ишенов өтө жөнөкөй, өз ишинин кесипкөйү экенин айтышып, адамгерчилик сапаттарын эскеришип, маданият тармагына кошкон салымын белгилешти.
Чыгармачылыктагы чыйыр жолу 1961-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында башталып, “Кыргыз креметин” жаратуучуларынын катарын толуктап бир катар даректүү тасмаларда сүрөтчү-коючу катары иштегени, анда тартылган тасмалардагы көркөм сүрөтчү жана мультипликатор катары алып барганы, тарткан тасмалары кыргыз киносунун алтын фондунда сакталып, илимий-популярдуу тасмаларынын актуалдуулугу, “Кыргызмультфильмге” жетекчи болуп дайындалып “Сандардын чатагы” аталышындагы алгачкы кыргыз мультфильми менен чоң жаңылык жасаганы, Францияда өткөн эл аралык кинофестивалда “Толубай сынчы” мультипликациясы үчүн баш байгени багындырганы сыймыктануу менен айтылды.
Муну менен катар, табиятынан эмгекчил Сагын Ишеновдун чыгармачылык таланты, өзгөчө эмгекке жөндөмдүүлүгү аны Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары жерлерде кеңири таанытканы жана чыгармачылык жолунда 700дөн ашуун көркөм сүрөттөрдү жаратканы, жараткан сүрөттөрүндө кыргыздын ажайып кооз жерлерин, тарыхый эстеликтерин, күжүрмөн айылдык баба- дыйкандан тартып, илим-билимде жана маданиятта атагы таш жарган көрүнүктүү бир топ инсандардын портреттерин тартып, алардын бейнелерин таасын ачып бергени, анын “Кызыл өгүз жана жалгыз соко” сүрөтү СССР боюнча эң мыкты деп табылып, Москвадагы Третьяков галереясында илинип турганы белгиленди.
Эл артисти Сагын Ишенов акыркы сапарга Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардак кароолу менен узатылды.
Маркумдун сөөгү өзүнүн туулган жери Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылына коюлат.