Мамлекеттик Гимндин жаңы редакциясын түзүүгө арналган сынак боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү

Июнь 13, 2025 - 20:59
 13

2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин тексти менен обонун жаңыртуу боюнча жарыяланган республикалык конкурска сунушталган долбоорлорду кабыл алуу жана кароо үчүн жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин төрагалыгы алдында өттү. Министр өз сөзүндө сынакты ачык жана таза өткөрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, ар бир этап жогорку деңгээлде, кесипкөйлүк менен уюштурулушу керектигин баса белгиледи.

Жумушчу топтун мүчөлөрү конкурс иштерин кабыл алуу тартибин, баалоо критерийлерин, эксперттик комиссиянын курамын жана долбоорду ишке ашыруунун этаптарын талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги бардык кызыкдар жарандарды, композиторлорду, акындарды жана чыгармачыл жамааттарды бул маанилүү маданий окуяга активдүү катышууга чакырат.