МИНИСТР ЧХОНДЖУ ЭЛ АРАЛЫК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК БИЕННАЛЕСИНЕ КАТЫШТЫ

Сентябрь 9, 2025 - 10:42
 8

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Корея Республикасында иш сапары менен жүрөт.
Ал “Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк уюмдарын өнүктүрүү жана алардын санариптик маркетинг дареметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” долбоорунун алкагында бир катар иш-чараларга катышууда.
Министр Чхонджу шаарында өткөн эл аралык кол өнөрчүлүк биенналесинин ачылышына катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Мамбеталиев Корея Өкмөтүнө Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чара дүйнөлүк чыгармачылык байланыштарды бекемдеп, кыргыз чеберлерине улуттук мурастарын дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгүн түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле министр Кыргызстан Корея менен маданий кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин айтып, бул алакалар эки элдин достугун жана чыгармачылыгын жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди.