ОШ ОБЛУСУНДА МАДАНИЯТ МЕКЕМЕЛЕРИ ТЕКШЕРИЛДИ

Сентябрь 9, 2025 - 10:34
 7

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Ош облусун кыдырып, маданият мекемелеринин ишмердүүлүгү жана абалы менен жеринен таанышты.
Иш-сапар Ноокат районунан башталып, Кара-Суу, Өзгөн, Араван, Кара-Кулжа, Алай, Чоң-Алай райондорунда уланып, Ош шаары менен жыйынтыкталды. Жалпысынан 41 мекеме — китепканалар, маданият үйлөрү, музейлер, театр жана искусство мектептери текшерилди.
Текшерүү маалында имараттардын техникалык абалы, ички шарттары жана жабдуулары бааланды. Министрдин биринчи орун басары жергиликтүү кызматкерлер менен баарлашып, көйгөйлүү маселелер да талкууланды.
Чогултулган маалыматтар министрликтин 2026-жылга карата маданият тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиялык иш-пландарын түзүүгө негиз болот.
Мындай жеринде жүргүзүлгөн анализдер маданият мекемелеринин реалдуу абалын так аныктап, техникалык камсыздоо, кадр саясаты жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт.
Маданият мекемелерин текшерүү жети облустун баарында өткөрүлүп, өлкө боюнча маданий инфраструктураны жакшыртууга багытталган иш-аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.ф