30-майда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колдоосу менен уюштурулуп, манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган, VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын жабылыш аземи Т. Усубалиев атындагы аянтта болуп өттү.
Аталган маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Маданият, маалымат, жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып куттук сөз сүйлөдү.
МинКаб Төрагасы өз сөзүндө иш-чаранын уникалдуулугун белгилеп, дүйнө эпостору үч күн даңазаланганын, ар бир элдин эпосу, дастаны, жомогу, ыры, өлөңдөрү – дүйнөнүн кайталангыс колоритин түзүп турарын, ал эми интеллектуалдык жана технологиялык прогресстин доорунда, биздин милдет - бул мурасты сактап, муундан муунга өткөрүп берүү керектигин айтты.
Министр Мирбек Мамбеталиев фестивалдын жүрүшүндө айтылган ар бир сөз, тартууланган ар бир чыгарма, ойногон ар бир күүлөр - дүйнөлүк маданияттын жалпы энчиси болуп калганын белгилеп, ар өлкөдөн келген чыгармачыл инсандарга изденүүсү, элдер ортосундагы көпүрө болуу аракетттери үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, иш-чаранын жабылыш аземине мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык корпустун өкүдөрү, маданият ишмерлери, эпос изилдөөчүлөр, Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары катышты.
Фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземинде Улуттук филармониянын Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри, “Шаттык” элдик үлгүлүү бий ансамбли жана Улуттук филармониянын бий ансамбли, Кыргызстандын алдыңкы ырчылары тарабынан ыр дестелер сунулду.
Аны менен катар Россия Федерациясы, Алтай Республикасы (РФ), Калмак Республикасы, Дагестан (РФ), Тыва (РФ), Саха Республикасы (Якутия, РФ), Хакас Республикасы (РФ), Азербайжан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан Республикасы, Франциядан келген өнөр адамдары катышты.
Фестивалдын кадырлуу коногу, Эквадорлук пан-флейтачы Лео Рохас түрдүү аспаптардын коштоосунда чыгармалардан аткарып, өз өнорүн тартуулады.
Иш-чаранын жүрүшүндө ата мекендик жана чет өлкөлүк дизайнерлердин мода көргөзмөсү өтүп, фестивалдын алкагында өткөн сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи орун алды.
Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалы 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МФГС), Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин, Түрк мамлекеттер уюмунун, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосу менен “Манас” улуттук академиясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана “Арт араба” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды.