30-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Виват, рояль!” II эл аралык фортепиано фестивалы жыйынтыкталды. Фестиваль фортепианого кызыккан жаш таланттарды, тажрыйбалуу устаттарды жана классикалык музыканы сүйүүчүлөрдү бир аянтчага бириктирди.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби тарабынан уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлзинат Суранчиева жана бир катар чет өлкөлүк ардактуу коноктор катышты.
“Мындай фестивалдар жаш таланттардын ачылышына шарт түзүп, мугалимдерге дем берип, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдейт. Жаш музыканттарды колдоо — биздин маданиятыбыздын келечегине инвестиция”, - деди Эдиль Байсалов.
“Виват, рояль!” фестивалы жөн гана музыкалык сынак эмес, бул шыктануу мектеби. Дал ушул жерде келечектин улуу өнөрпоздору калыптанат. Бул жерде жөн гана ноталар эмес, кеменгерликке умтулуу жаңырып турат. Маданият министрлигинин атынан бардык катышуучуларга, устаттарга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Ар бир жаңырган аккорд — жаңы улуу жолдун башаты болсун!” – деди Союзбек Надырбеков.
Фестивалдын алкагында Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген катышуучулар фортепиано үчүн иштелип чыккан классикалык чыгармалардан тартып заманбап чыгармаларга чейин кеңири музыкалык программаны тартуулады.
Белгилей кетсек, фестиваль 28-майда башталып, 30-майда жыйынтыкталды.