Улуттук “Эргүү” театр сыйлыгы мыктыларга тапшырылды

Июнь 26, 2024 - 22:35
Июнь 27, 2024 - 12:38
 8

Бүгүн, 26- июнда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук акалемиялык опера жана балет театрында Улуттук “Эргүү” театр сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.
Өз тарыхында онунчу жолу салтанаттуу тапшырылып жаткан театр сыйлыгы бул жолу өзгөчө форматта өттү.
Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин Төргасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, бир катар маилекеттик органдардын жетекчилери, атайын чакырылган меймандар жана театр тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу ачылышта акыркы жылдары маданият жана театр искусство тармагы мамлекет тарабынан өзгөчө колдоого алынып, театр оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык жактан өнүгүүсүнө тийиштүү каражаттар бөлүнүп, анын эсебинен жаңы мыкты спектаклдер жарык көрүп, көрүүчүлөр театрга тартылып, жер-жерлерде чыгармачылык гастролдор, окутуулар, тажрыйба алмашуу иш-чаралар уюштурулуп, спектклдердин санынан мурда сапатына маани берилип жатканы айтылды.
Ошондой эле, салтанатта театр өлкөдөгү чоң өзгөрүштөргө, маданий, адеп-ахлактык, тарбиялык жактан бардык жарандарыбызды, айрыкча жаш муундарды келечекке көз карашын өзгөртүп тарбиялоого ролу зор экени айтылып, кыргыз театрлары мындай жооптуу жана маанилүү вазийпасын жогорку деңгээлде аткарат деген ишенимдерин билдиришти.
Расмий бөлүктөн соң, жыл ичинде улуттук театр чөйрөсүндө үзүрлүү эмгек кылган, чыгармачылык артыкчылыктарды көрсөткөндөр үчүн улуттук “Эргүү” театр сыйлыгы өз ээлерине тапшырылды.
“Эргүү” сыйлыгы 2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана "Айтыш" коомдук фонду биргеликте тапшырып келет.