Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбор Азия, Афганистан, Пакистан жана Иран боюнча аймактык өкүлү Оливер Штольпе менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар ишке ашырылган долбоорлордун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Ошондой эле, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана укук тартибин камсыздоону жогорулатууга багытталган жаңы демилгелерди илгерилетүүдө маанилүү жагдайлар белгиленди.
Тараптар БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын баңгизаттарга, кылмыштуулукка, коррупцияга жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча комплекстүү мамилесин талкуулап, анын ичинде техникалык колдоо, аналитика жана мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшүү боюнча маселелерди карады.
Оливер Штольпе жаштар арасында баңгизаттарды колдонууну алдын алууга, кылмыш-жаза адилеттигин реформалоого жана кадрдык потенциалды чыңдоого өзгөчө көңүл буруп, бүгүнкү күндө жаштар бир катар курч көйгөйлөргө туш болуп жатканы белгиледи. Аталган көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүдө маданият жана жаштар саясаты менен иш алып барган мекемелердин активдүү ролу талап кылынарын айтты.
Министр Мирбек Мамбеталиев бул темалар министрлик үчүн артыкчылыктуу экенин жана эл аралык өнөктөштөр менен терең өз ара аракеттенүүнү талап кыларын баса белгиледи. Министрликтин жаштарды агартууга, ден соолукту чыңдоого жана укуктук сабаттуулукту жогорулатууга багытталган учурдагы демилгелери жана пландары жөнүндө айтып берди.
Жолугушуу коомдун жана келечек муундун жыргалчылыгы үчүн эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого карай маанилүү кадам болду.