Бүгүн, 28-май күнү Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата VIII Бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалынын ачылыш аземи өттү.
Аземге интеллигенция өкүлдөрү, Кыргызстандагы элчиликтин өкүлдөрү жана кеңири коомчулук катышып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү Мар Топоев куттук сөз сүйлөштү.
Эдил Байсалов бул иш-чара адамзаттын руханий мурасын сактап калууда жана аны келечек муундарга өткөрүп берүүдө зор мааниге ээ экенин белгилеп, “дүйнөлүк фестиваль бир гана биздин улутка тиешелүү руханий дөөлөттү изилдөө, өнүктүрүү жана сактоо менен чектелбестен өзүнүн аталышы айтып тургандай дүйнө элдеринин эпостору, анын кандай деңгээлде сакталганы, өсүшү, өнүгүшү жана илимий изилдөө багытындагы жыйынтыктар, көйгөйлөр талкуулана турган бирден-бир аянтча” - деди ал.
Өз кезегинде Гүлбара Абдыкалыкова аталган фестивалдын алкагында өтүп жаткан аянтчалар дүйнөнүн булуң-бурчунан келген эпос айтуучуларды, илимпоздорду, жаш калемгерлерди, маданияттын өнүгүшүнө кайдыгер карабаган замандаштарды бириктирип жатканын айтып, Кыргыз Республикасы соңку жылдары улуттук маданиятты мындан ары өнүктүрүүгө, материалдык эмес маданий мурасты сактоого жана пропагандалоого, элдик оозеки чыгармачылыкты андан ары популярдаштырууга, өлкөбүздү дүйнөлүк маданий мейкиндикке жигердүү интеграциялоону камсыз кылууга багытталган системалуу чараларды ишке ашырып жатканын белгилеп өттү.
Иш-чара кыргыздын жашоосун, ырым-жырым, үрп-адат, салт-санаа, оюн-зоогун ж.б. чагылдырган театрлаштырылган коюм менен башталып, ынтымак-ырашкерликти даңазалаган “Түндүк көтөрүү” жөрөлгөсү менен уланып, концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Аталган фестиваль “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында ишке ашууда.