Бүгүн, 27-майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Япониянын эл аралык кызматташтык уюмунун (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын маданий мурастарын сактоо жана изилдөө жаатында кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинде турган эл аралык маанидеги археологиялык эстелик - Ак-Бешим чалдыбарында жүргүзүлүп жаткан археологиялык казууларга көңүл бурулду.
Котаро Нишигата JICA уюму Кыргызстанда маданий мурастарды коргоо жаатындагы долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирип, аймактагы тарыхый объектилерди изилдөө жана сактоо иштери боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле Ак-Бешимдеги археологиялык иштердин учурдагы абалы, казуу иштеринин жүрүшү жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди.
Министр Мирбек Мамбеталиев JICA уюмунун Кыргызстандагы археологиялык тармакты өнүктүрүүгө кошуп жаткан салым үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматташтык маданий мурастарды сактоодо чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Аталган археологиялык эстеликтин жер участокторун маданий мурас катары пайдалануу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге зарыл болгон жумуштар жүргүзүлө турганын кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда тараптар Ак-Бешим сыяктуу тарыхый жайларды илимий негизде изилдөө, аларды эл аралык деңгээлге чыгаруу жана жаш муундарга таанытуу, туризмди өнүктүрүү максатында аталган археологиялык эстеликтин аймагында музей имаратын куруу боюнча биргелешкен аракеттерди ишке ашыруу, башталган долбоорлорду мындан ары да улантууга ишенимин билдирди.