Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Кытай Эл Республикасынын Хэйлунцзян провинциясынын партиялык комитетинин катчысынын орун басары Чжан Аньшун мырза баш болгон делегациясын кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуусун тереңдетүү маселелери талкууланды. Союзбек Надырбеков маданият адамдарды бириктирип, коомдун негизги баалуулуктарын жана идеяларын калыптандыруучу туруктуу пайдубал экенин белгиледи. “Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен кылымдар бою достук жана өз ара кызматташтыкта байланышкан өлкөлөр. Стратегиялык өнөктөштөр катары өлкөлөрүбүз маданият, жаштар дипломатиясы жана чыгармачыл алмашуулар жаатында тыгыз иш алып барып келет,” - деди ал.
Жолугушууда Хэйлунцзян провинциясы менен түз байланыштарды өнүктүрүү маселеси өзгөчө көңүл борборунда болду. Тараптар театр, музыка, кино жана сүрөт искусствосу тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, фестивалдарды, көргөзмөлөрдү жана чыгармачыл топтордун өз ара гастролдорун уюштуруу, ошондой эле искусство жаатындагы жогорку окуу жайлардын ортосунда студенттик жана окутуучулук тажрыйба алмашууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн карады.
Ошондой эле, тараптар маданий мурастарды санариптештирүү, археологиялык жана этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, элдик кол өнөрчүлүктү колдоо жана жаштар демилгелерин илгерилетүү боюнча долбоорлорду талкуулашты.
“Хэйлунцзян Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан бай тарыхый-маданий мурас менен өзгөчөлөнгөн провинция жана Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөшү боло алат. Бүгүнкү жолугушуу маданий кызматташтыкты бекемдөөгө жаңы дем берет деп ишенем”, - деп белгиледи Союзбек Надырбеков.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да улантууга жана элдер ортосундагы достукту чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.