Бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарында А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (А.Малдыбаев атындагы КУАКОБ) менен испаниялык “GLOBAL SHOWTIME SERVICES S.R.L” компаниясынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Меморандум Кыргыз Республикасы менен Испания Падышачылыгы ортосундагы маданият жана искусство чөйрөсүндөгү эки тараптуу байланыштарды жана кызматташтыкты түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.
Документке А. Малдыбаев атындагы КУАКОБдун башкы директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиев жана “GLOBAL SHOWTIME SERVICES S.R.L” компаниясынын ээси, башкы менеджери жана администратору Хосе Мануэль ТАХАДА РЕГИДОРА, ошондой эле Testi (Тэсти) деген каймана аты менен белгилүү инсан кол койду.
Тараптар опера жана балет искусствосун өнүктүрүү жаатында тең укуктуулук жана өз ара пайдалуу негизде кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө болгон эки тараптуу умтулуусун билдиришти. Меморандум өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектрин камтыйт, анын ичинде:
• Спектаклдерди, концерттерди жана маданий-зоок программаларын биргелешип түзүүгө көмөктөшүү;
• Чыгармачыл коллективдердин гастролдорун жана концерттерин уюштуруу;
• Тажрыйба алмашуу жана жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздоо, кадрларды даярдоо;
• Жарнамалык жана маалыматтык материалдарды жайылтуу;
• Музыка таануу, театр таануу жана башка сметалаш дисциплиналар боюнча тажрыйба алмашуу;
• Китеп басып чыгаруу ишине жана китепкана фонддорун түзүүгө көмөктөшүү;
• Спектаклдерди жана концерттерди коюуга жана жайылтууга укуктарды берүү мүмкүнчүлүгү.