VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын программасы

Май 27, 2025 - 21:04
Май 28, 2025 - 09:07
 19
VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын программасы
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын 28–30-май күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлүүчү VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын программасын жарыялайт.
Бул жолу фестиваль улуу манасчы, дүйнөлүк даңазага ээ болгон Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине арналат.

ПРОГРАММА:

28-май, шаршемби
10:00 – 11:00
Фестивалдын салтанаттуу ачылышы
— “Түндүк көтөрүү” жөрөлгөсү
Т. Усубалиев атындагы аянт
11:00 – 17:00
“Маданий ар түрдүүлүктүн парады”
— “Кыргыз көчү” этноайылынын жана Эл аралык кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнүн ачылышы
Турдакун Усубалиев атындагы аянт
13:00 – 17:00
Улуттук салттарды көрсөтүү:
— “Тушоо кесүү” жөрөлгөсү
— Улуттук тамак-аштар
— “Тайтору” спектакли
Кыргыз улуттук “Манас” театры (Самойленко көч., 2/9)
18:00 – 20:00
“Дарак ыры” көркөм тасмасынын көрсөтүлүшү
“Ала-Тоо” кинотеатры
________________________________________
29-май, бейшемби
10:00 – 13:00
Эл аралык сынактар:
— “Мыкты кыргыз боз үйү”
— “Улуу мурас” (салттар жана жөрөлгөлөр)
— “Саркеч көчмөн” (этностиль)
— “Мыкты айтуучу – сейтекчи”
Т. Усубалиев атындагы аянт
09:00 – 18:00
Эл аралык илимий-практикалык симпозиум
Тема: “Эпостун универсалдуу табияты: типологиясы жана негизги этникалык моделдери”
А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана
14:00 – 17:00
Тегерек стол: “Этникалык стиль жана мезгил образы”
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи
15:00 – 17:00
Мастер-класс: “Жаш айтуучулардын мектеби”
Улуттук тарых музейи
15:00 – 18:00
Саундчек – концерттик программага катышуучулар үчүн
Т. Усубалиев атындагы аянт
20:00 – 22:00
Фестивалдын катышуучуларынын концерттик программасы
Т. Усубалиев атындагы аянт
________________________________________
30-май, жума
09:00 – 18:00
Симпозиумдун уландысы
Улуттук китепкана
10:00 – 14:00
Сынактардын жыйынтыгын чыгаруу (калыстар тобу):
— “Мыкты кыргыз боз үйү”
— “Улуу мурас”
— “Саркеч көчмөн”
— “Мыкты айтуучу – сейтекчи”
Т. Усубалиев атындагы аянт
10:00 – 12:00
Жолугушуу: Фестивалдын эл аралык чыгармачыл тобу менен Улуттук консерваториянын студенттери
Улуттук тарых музейи
17:00 – 20:00
Саундчек – гала-программа үчүн даярдык
20:00 – 23:00
Театрлаштырылган гала-программа жана фестивалдын жабылышы
— Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи
Т. Усубалиев атындагы аянт